Синоптиктер: "Быйыл күздө мындан ары суук күч алат" (фоторепортаж)

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, эки ирет күзгү жамгыр карга айланды. Жылда бул мезгилде мындай аба ырайын күтпөгөн калк быйыл сууктун эрте түшкөнүн көп талкуулап жатат. Борбор калааны жай бою кооздукка бөлөп турган гүлдөр, декоративдик өсүмдүктөр күтүүсүз кар алдында калды. Жайды элестеткен назик гүлдөрдүн суук менен кармашкан кубулушту бул сүрөттөр топтомунан көрүүнү сунуштайбыз.

Аба ырайы боюнча синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы аралыкта күндүн кескин жылышы күтүлбөйт. Күн тийгени менен, чыкыроон суук кайтпай тургандыгын эскертишет. 22-октябрда (ишемби) кайрадан жамгыр жаап, 23-октябрда (жекшемби) карга айланат. Ошол боюнча кардын жаашы келерки жуманын шейшемби, шаршемби күндөрү да уланарын синоптиктер божомолдошууда.

Эске сала кетсек, быйылкы биринчи кар Бишкек шаарында 13-октябрдан 14-октябрга караган түнү түштү. 2015-жылы алгачкы кар 19-октябрда, 2014-жылы болсо 27-октябрда жааган. Ал эми 2013-жылы алгачкы кар 20-ноябрда жааган. Мындай ыраат менен алып караганда, кышкы суук, кар жылдан-жылга эрте түшүп жатканынан кабар берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asefsa
2016-10-20 12:27:29
Менин да гулдорум ушинтип калды.
0
tashi62
2016-10-20 13:34:17
Куртка сапожка алыш керек экен да.
+5
kenen
2016-10-20 14:37:23
2002-жылы 16- октярбда Бишкекте кар жааган
+1
zamir-bek
2016-10-21 00:47:30
Кар кобуроок жааса экен. Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону эле жакшы эмеспи.
-1
Kroxa
2016-11-03 01:12:26
Кыштын кыштай болгону жакшы бирок октябрь ноябрь куз айлары куздой эле болсо болмок кар ото коп жаап эрте эле жолдор тайгалак,кун суук болуп калды...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан