Ала-Букада каза болгон баптист аялдын сөөгү Чаткалда жерге бериле турган болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда каза болгон баптизм агымындагы аялдын сөөгү Чаткал районунда жерге берилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиев билдирди.

"Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын тургундары каза болгон баптист аялдын сөөгү мусулмандардын мүрзөсүнө коюлбасын деп каршылык көрсөтүп, район акимине чейин келишкен. Бул маселе боюнча райондук администрацияда жолугушуу уюштурулду. Жыйынтыгында маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Чаткал районунда жерге берилери макулдашылды", - деп билдирди Чыналиев.

"Учурда Ала-Бука районунда калктын 99 пайызы ислам динин карманышат. Калган 1 пайызы Жахабанын күбөлөрү, христиан дининин баптизм багытын тутунушат. Буга чейин 7 жыл мурда райондо башка диндеги адам каза болгондо, маркумдун сөөгүн айылдын четиндеги кырга алып барып коюшкан", - деп кошумчалады райондун имамы.

Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Asadulla
2016-10-14 17:16:19
Аллахым сиздердин раазы болсун
+7
sher.ella
2016-10-14 18:27:19
Баптизм эмне деген дин тан калам
0
sagyn01
2016-10-14 18:47:58
Чаткалда мусулмандардын мазарына коюла бекен? Ошону тактап жазып койгулачы
+1
Shat.88
2016-10-14 19:00:23
Ислам дини башка динди башка улуттарды сыйлаган дин ал эми айыл тургундарынын, имамдардын бул жоругу ислам динин булгагандык, ислам дининде мындай болунуу жарынуу жок, мунун озу куноо.
-5
Ayida
2016-10-14 20:35:23
Shat.88,ойуна келгенди оттой бербе. Ислам качан каапырларды озуно жакын корчуу эле. Ислам дини мусулмандардын гана дини.Баптиз окшойсун сен болушканына караганда.Булар Аллага каршы чыккандар.Туура эле кылышыптыр.Сен билсен жаз билип билбей адамдардын башын айландырбай
+7
Zaina
2016-10-15 04:43:51
Ayida,башка диндерге каршы чыккан дин деп анда башка
Улуттарды олтуро бер. Башка улуттар каапыр болсо анда эмнеге
толтура адамдар каапырларга жалданып россияда
иштеп журот? Тупизм и идиотизм 21-века.
-2
Maha-0711
2016-10-16 14:17:22
Zaina,Ислам дини жонундо кобуроок маалымат алышын керек экен
0
Zaina
2016-10-16 23:46:03
Maha-0711,ошол маалыматынды жогору жактагы
Аидага берип кой
+1
Shat.88
2016-10-16 22:48:24
Ayida,башын айланып калыптыр сенин,
0
hanisa
2016-10-15 12:00:46
Эн туура кылышыптыр,баптис болсо мусулмандардын мазарына коюлбайтта,кажерден кордунор баары биржерге коюлганын,туура ислам дини башка улутарды сыйлайт бирок биржерге коюлсун деген соз эместа
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан