Бишкекте жазуучулар жана акындар жаштарды китеп окууну адат кылууга чакырышты (фото)

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бүгүн, 15-октябрда “Ыйман нурун сепкен китеп” аттуу китеп жарманкеси өтүүдө. Анда илимий, көркөм, диний жана балдар үчүн китептер коюлган.

Иш-чаранын уюштуруучулары жарманке кыргыз китептеринин окурмандарынын санын көбөйтүүнү, жаштар арасында китеп окууну жайылтууну жана өлкөдө басылып чыккан китептердин сапатын жакшыртууну максат кыларын айтышты.

Китеп жарманкесинде маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев, акын Омор Султанов жана жазуучу Асан Жакшылыков баштаган кыргыздын кыраан акын-жазуучулары жаштарга акыл-насаатын айтып, китеп окууну адат кылууга чакырышты. Мындан тышкары жарманкенин жүрүшүндө жаш акындар ар кандай тематикадагы ырларын көркөм окушуп, төкмө акындар айтышып, комузчулар тобу көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чарага келген коноктор китептердин авторлору менен жолугуп, маек куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле жарманкеде көркөм сүрөт өнөрү, музыка, шахмат, каллиграфия жана башка тармактар боюнча шаар тургундарына мастер-класстар өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан