Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте журналисттердин жаңы муунун даярдоочу "Устат" академиясы ачылды. Академиянын негиздөөчүсү Мирлан Самыйкожонун айтымында, окуу жайдын максаты - кыргыз тилинин тазалыгын жана баалуулугун даңазалоо менен бирге унутта калган көөнө сөздөрдү колдонуп, сөз чеберчилигин арттыруу.
"Ар бир нерсенин зергери болот. Ал эми кептин зергери - кыргыз. Академиянын максаты - учурда коомдо кенен жайылып бара жаткан келегей кептерди тизгиндеп, нукура сөздөр менен баарлашууну өрчүтүү. Ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкка, поэзияга кызыккан талант ээлерине атайын багыт берип, чыгармачылыкка олуттуу кароого үндөө", - дейт Самыйкожо.