Кыргыз жеринде 2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иши 98 пайызга каржыланды. Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинде кыш мезгилине даярдануу жана аны өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды каржылоого 3 миллиард 805 миллион 600 миң сом каралган. 2016-жылдын 13-октябрына карата жогоруда көрсөтүлгөн сумманын 2 миллиард 862 миллион сому же пландын 98,5 пайызы өздөштүрүлдү.