Филиппинде катуу шамалдан улам 12 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

Филиппинде катуу шамалдан улам 12,5 миң адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Сарика" бороондуу шамалынын ылдамдыгы саатына 150 чакырымды түзүп, кеминде 2 адамдын өмүрүн алганы айтылууда.

"Катуу жаан-чачын жана шамал аймактын түндүк райондорунда жайгашкан күрүч талааларына жетти. Ички жана эл аралык 160ка жакын каттамдар убактылуу токтотулду. Тайфундун кесепетинен бир нече райондор электр жарыгысыз, турак жайлар чатырсыз калды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EddieNigma
2016-10-17 11:38:22
Бул баягы Гаитидеги шамал эмеспи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан