Сүлүктү шаарындагы "Сүлүктү көмүр" ачык акционердик коомунун электр энергияга болгон карызы 7 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сүлүктү көмүр" ачык акционердик коому сентябрь айынан бери иштебей турат. Ишкананын 45 пайыз акциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Ишкананын электр энергияга болгон карызы жетекчилердин тез-тез алмашышы жана көмүр сатуудан түшкөн каражаттар көмүскөдө калышы менен байланыштуу болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ишканадагы мыйзамсыз аракеттер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев атайын комиссия түзүп, текшерүүгө алган.