Кыргыз Республикасы "National Geographic" журналы өткөрүп жаткан сынакта "Эко-эс алуу" номинациясы боюнча 3-орунга чыкты. Ал эми орусиялык "ТурСтат" аналитикалык агенттигинин божомолунда Кыргыз жергеси бул сынакта алдынкы бештикке кирет.
Учурда берилип жаткан добуштар боюнча биринчи орунда 33 пайыз менен Орусия өлкөсү, экинчиде 20 пайыз менен Исландия мамлекети. Ал эми Кыргыз Республикасы 12 пайыз менен 3-орунда. Ошондой эле Финляндия өлкөсү 4-орунда, Норвегия 5-орунда бара жатат.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында башталган добуш берүү 2016-жылдын 6-ноябрына чейин уланат.
Эске салсак, Кыргыз Республикасы 2015-жылы "Фототур үчүн мыкты аймак" номинациясын жеңип алган.