2016-жылы ветеринардык объекттерге 435 400 сомдук айып салынган

Республика боюнча 2016-жылдын 9 айында жалпы 96 миң ветеринардык объекттер жана субъекттер катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында сөз болду.

"Жалпысынан Экономика министрлиги 2723 ишкер-субъектке пландуу жолдомо берген, анын ичинен 323үнүн жолдомосу пайдаланылбай кайра берилген. Ал эми 2235ине пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Республика боюнча салынган айып 9 айда жалпысынан 435 400 сомду түзгөн, ал эми 2015-жылдын 9 айында 343 миң сом айып салынган же быйыл 15 пайызга өскөн", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаары боюнча 2016-жылдын 1-январына карата 723 ветеринардык объекттер катталган. Жалпысынан 9 айдын ичинде Экономика министрлигинен 624 пландуу жолдомо алынып, анын 175и пайдаланылган эмес. Жалпы 448 ишкер-субъект текшерүүдөн өткөн жана 11 ишкерге 48 миң сом айып салынган. 2015-жылы 108 субъект текшерүүдөн өтүп, 19 800 сом айып салынган.

Ош шаары боюнча жалпысынан 9 айдын ичинде 319 ишкер-субъект текшерүүдөн өткөн, мыйзам бузган ишкерлерге 201 600 айып пул салынган же республикалык көрсөткүчтүн дээрлик 50 пайызын түзөт. 2015-жылдын 9 айында 164 субъект текшерилип, 128 800 сом айып салынган. Бул көрсөткүч 2015-жылга карата 2016-жылы эки эсеге өскөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан