Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 17-октябрдагы отурумунда депутаттар транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровду "Чайна Роуд" кытайлык компаниясынын Лексус LX 570 автоунаасын пайдаланып жүргөнү үчүн сынга алышты.
Депутат Улан Примовдун айтымында, чиновниктер жөнөкөй жарандардай жүргөнгө үйрөнүшү керек. "Тендерлерге катышкан компаниянын сунушунан баш тартыш керек эле, анткени ал компаниядан министрлик көз каранды болуп калышы мүмкүн. Тендерге алдын ала шарт түзгөндөй болуп калат", - деди Примов.
Министр жооп бергендей, Транспорт жана жол министрлигинде 2 кызматтык унаа бар. "Бул унаалардын кыймылдаткычынын көлөмү 2,7 литр. Мындай унаалар менен көп жакка баруу мүмкүн эмес. Менин оюмча, аталган компаниянын унаасын пайдаланып туруудан мамлекетке эч кандай зыян келтирилген жок", - деди министр Айдаров.
Депутат Төрөбай Зулпукаров эгер Кытайда кайсы бир чиновник ушундай ишке барган болсо, аны атып салышарын айтты. Андан соң Зулпукаров "Чайна Роуд" компаниясынын Кыргыз Республикасындагы тендерлерге катышканын текшерип чыгууну тапшырды.
Бул маселени талкуулоонун жыйынтыгында министр Айдаров депутаттардан кечирим сурады. "Эми мындай кайталанбайт. Лексус унаасы менен көп ишти аткардым десем жаңылышпайм", - деди чиновник.