Өлкөдө экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 9 ай ичинде 148 кылмыш иши козголгон

Өлкөдө экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 2016-жылдын 9 айында 148 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 361 факт катталган. Жалпысынан экстремисттик уюмдардын 4154 тарапташы ИИМдин каттоосуна алынган.

"Калктын коопсуздугун камсыздоо, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактарында лекциялар, семинарлар, тегерек столдор өтүп, калк менен жолугушуулар уюштурулган. Иш-чаралардын алкагында өзгөчө жаштарга көңүл бурулган. Улуттар аралык кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2016-жылы 3913 ирет алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ularik_kg
2016-10-18 10:08:45
Бирок бирида жоопко тартылды ушунча жылга деп укканым жок
0
ularik_kg
2016-10-18 10:09:40
Бирок биринеда соттон өкүм чыгып эркинен ажыратылган эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан