Министрдин "мектептер китеп менен 79,6 пайызга камсыздалды" деген сөзүнө депутаттар ишенишкен жок

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 17-октябрдагы отурумунда билим берүү министри Эльвира Сариева өлкөдөгү мектептерди китеп менен камсыздоо жылдан-жылга өсүп баратканын айтты.

"2015-2016-окуу жылы мектептер китеп менен 79,6 пайызга камсыздалды. Салыштырсак, 2010-жылы бул көрсөткүч 58 пайызды түзсө, 2013-жылы 70 пайызды түзгөн. Быйыл мектептерди китеп менен толук камсыздаш үчүн 12 миллион китеп керек", - деди министр.

Депутаттар аны менен макул болушкан жок. Рыскелди Момбековдун айтымында, китеп чыгаруу тармагы коррупцияланган. "Өлкөдө акыркы 5 жыл ичинде китептерди басып чыгарууга билим берүү тармагына жарым миллиард сомго жакын каражат жумшалган. Бирок аймактарды кыдырып чыксаңар, 79,6 пайызга китеп менен камсыздалган бир да мектепти таппайсыңар. Ата-энелер балдарына китептерди өздөрү алып берүүгө муктаж", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zz2013zz
2016-10-17 18:28:07
Менин балам быйыл 1-класс мектептен 1математика китеби гана берилди,калганын баарын сатып алдык,алиппени мектептин озунон 280 сомго алдык.
Питансына айына 180 взноско айына 20 сом,1окуучуга 200сом ,менин бир балам окуйт мектепте,а балдары коп окугандар эмне кылышат
+2
zz2013zz
2016-10-17 18:36:47
Айта кетчу нерсе,башталгыч класстарга питанияны Бакиевдин убагында уйуштурулган,эми 2010-жылга чейин корсоткучтор ылдый корсотуп озунорду мактайсынар,менин тайакемдин 4 баласы мектепте окуйт,ар бири бирден эле китеп алышкан,
Мен Бакиевчилепден эмесмин,бирок козго корунуп жатат да Бакиевдин убагында олкобуз оноло баштаган эле,азыр кайра артка кетип жатабыз
+2
Dalil
2016-10-17 20:20:12
Мен дагы баламды 1-класска киргиздим. Бардык китебин сатып алдык. Китептерди сапаттуу кылып чыгарсанар болмок союздун убагындай кылып. Китептери болсо чон адамдарга ылайыкташтырылгандай мукабасы аябай жука. Бир жылга да жетпечуудой. Мурда биз окуучу кезибизде китептер сапаттуу болчу жана тез-тез алмашчу эмес. Азыр билим министрлигинде китеп сатып акча табуу боюнча план коюлгандай окуу программасы тез-тез алмашып турат.
0
Kroxa
2016-10-17 21:01:34
2-класс 3-класста деле китеп сатып бердикко 280сомдон русский ОБЖ,англис тил,математика,родиноведение,сатып алдык 2 балама 5китеп алдым 1500сомго андан тышкары,класс фонду,,мектеп фонду деп 1200дон бирооно. 1100бироосуно чогулттук,,анан праздниктери 200дон..билбейм акча эле сурашат бербеске айлан жок...
+2
barakcha
2016-10-17 22:23:09
Урматтуу Эльвира айым!Бала бакчаларга дагы конул буруп койунузчу?Бала бакчанын босогосун аттаган куну эле самынга,кол аарчыга,влаж.салфетка,чыны кашыкка деп 1000сомдон.Кайра тарбиячылардын майрамы деп 300сом.Кагаздарына 400сом(1жылга).деп чогулттук.Азыр октябрь.Эми жыл аягына чейин канча чогултабыз билбейм.Бала бакчага кириш учун эле пара 10000алышкан..
+1
baltabaev
2016-10-17 23:13:44
Ха ха
0
Nasyrkg
2016-10-17 23:24:18
Кайсы бети менен айтып жатат бут эле базардан сатып берип жатпайбызбы ушу да мамлекетпи
+1
Ayida
2016-10-17 23:45:40
Уяты жоктор китеп жылда сатып берип атамын 2 балама 3 же 4 китеп.Взнос 64 школа гимназия алат 350 сомдон айына ар бир балага.Уятта бироого 400 сом айына толоп журом.Андан сырткары класс жетекчи 500 дон ремонтко гулго эми шылтоо кылып ала берет тажадым
+1
nuris.osh
2016-10-18 08:50:37
Карандай калп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан