Орусиянын Краснодар облусуна караштуу Анапа шаарында жаш инспекторлордун Эл аралык 11-жыйыны өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин патрулдук милиция бөлүмүнүн тескөөчүсү Нурлан Саркаров билдирди.
Маалыматка ылайык, жаш инспекторлордун жыйынына Азербейжан, Орусия, Беларусь, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынан окуучулар барышкан.
"Өспүрүмдөр арасында жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу аталган иш-чара өткөрүлүүдө. Ага Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Гагарин атындагы
№4-мектеп-гимназиясынан 4 окуучу жана алардын мугалими барды. Алар жол эрежесине болгон даярдыктарын өлкөлөр ортосунда өтүп жаткан иш-чарада көрсөтүштү", - деп билдирди Саркаров.
Анапа шаарындагы инспекторлордун жыйыны 11-октябрдан 24-октябрга чейин уланмакчы. Аталган
иш-чарага 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар катышууда.