"Кайыңды-Кант" заводу суткасына 2,5 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 500 тонна кумшекер өндүрүүдө

"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому бул жылы суткасына 500 тонна кумшекер чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

"Учурда завод суткасына 2,5 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 500 тонна кумшекер өндүрүүдө. Заводдо 673 кызматкер иштейт. Өндүрүү кубаттуулугу дыйкандардан түшкөн кызылчаны иштетүүгө жетиштүү. Кызылчаны кабыл алууга жана сактоого керектүү инфраструктура бар. Чүй жана Талас облустарында кант кызылчасын кабыл алуучу 9 пункт ачылган", - деп айтылат маалыматта.

2012-жылы "Кайыңды-Кант" ААКы жаңы жабдууларды сатып алууга, заводдун кызылча жана уруктарын жыйноочу техникасын модернизациялоого 10 миллион доллардан ашуун каражат жумшаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhykyo
2016-10-17 18:57:08
Президентибиздин акчасына жетпейт экен
+1
Khabib
2016-10-17 19:39:28
бул темадан алыстайн мындан мурунку тема турктор жазып чыгыптырда атамбаевдин байлыгын атамбаев Аллахым жазаны берсин
-1
karasuu
2016-10-19 06:24:01
кум шекер 1кг канча сом?
0
Kroxa
2016-10-19 08:30:27
Кум шекердин баасы 48 сомго тушкону ошондон го кантта арзаныраак болсо керек чыккан жери бизде Караколдо 48..50 сом..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан