Кыргыз жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 17-октябрда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын Орусиянын аймагында жана Орусиянын жарандарынын Кыргыз мамлекетинин аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Макулдашууга Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган.

Кыргыз мамлекети менен Орусиянын мигранттарына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган бул келишимдин шарттарына ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. ЖКнын маалымат кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 7 күн болгонун, келишимдин ратификацияланышы менен бул норма 30 күнгө чейин узартыларын билдирди. Ал эми Орусиянын жарандарынын Кыргыз жеринде каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
tusso
2016-10-18 08:57:00
Бир жыл болдуго 30-күн болгонуна
+12
kg-bala87
2016-10-18 09:23:30
Качантан бериле 30 кунго
+2
modem4999
2016-10-18 09:24:00
Жакшы жанылык экен.свежий.
-6
Mongol1155
2016-10-18 10:25:36
Бирдиктуу мамлекет болгондон кийин, ар бир даран каттосуз жургондой кылыш керек!Болбосо бирдиктуу мамлекеттин эмне кереги бар?
+2
Pirimkul
2016-10-18 10:30:45
эмиойгондунарбы? качантан бери эле 30 кун каттоосуз журобузго
+3
Arslan12
2016-10-18 10:35:06
Каттоосуз эле журобуз 30 кунго чейин, же закон бизден артта калганбы?
+3
avtogrand
2016-10-18 10:40:12
Ошол 30 күн жүрүп анан регистрация кылгандар кийин базадан чыкпай атат экенго. 7күндө эле кылган жакшы тынч.
0
anar8672
2016-10-18 11:31:03
Кара тизмеден касан сыгарат экен
0
Arslan12
2016-10-18 13:14:21
Жанылык чын болсо анда бизди бийлик алдап эле келген турбайбы 1 жылдан ашык, жалган айтпасам былтыр август -сентябрь айларында окугам!
0
Kanatbek81
2016-10-18 18:01:44
Жаш балдарга печать деп элэ кыйнай берет оштун аэропортундагылар рф болуп ата Энэсиники да рф болгонуна карабай. Ал печатьды россияда бастырыш кыйын болбосо. Ушуну да карап коюшса жакшы болмок окмотубуз..
0
nabi89
2016-10-18 18:54:15
Чорный списокту кантип текшерет
+1
yasmina_kg
2016-10-18 19:15:30
Казактар менен болуш керек анткени аларда 5 кун эле болчу катоосуз жургонго.Радидон чала угуп калдым
0
Ch.i.k.a
2016-10-19 13:22:37
Казактар жакында кылышатда аз калды туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан