Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда каза болгон баптизм агымындагы аялдын сөөгүн экинчи жолу казып алышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиев билдирди.
"Маркумдун сөөгү буга чейин Өрүктү айылына коюлган эле. Кийин тургундар каршы чыгып, ал жерден кайрадан казып алышкан. Андан соң сөөктү Чаткал аймагына коюшмак болушкан, бирок Чаткалга коюлбай, Ала-Бука айыл өкмөтүнөн жай берилген. Кечээ, 17-октябрда айылдын эли кайрадан сөөктү казып чыгарып коюптур, бирок мен бул окуяга катышкан эмес элем", - деп билдирди Чыналиев.
Окуянын жүрүшүн тактоо үчүн Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлнара Умаровага байланышканыбызда ал өз айыл өкмөтүнүн аймагындагы чуулуу окуядан кабары жок экенин билдирди. Район имамынын маалыматына ылайык, экинчи ирет казылып алынган маркумдун сөөгү учурда кайда жашырылганы белгисиз.
"Буга чейин, 7 жыл мурун да ушундай окуя Өрүктү айыл аймагында катталган болчу. Айылдыктар каршы чыгып, мусулмандар бейитине койдурбай коюшкан. Кийин айыл четиндеги адырга алып барып коюшкан. Быйыл да ушундай окуя катталды. Экинчи ирет казылып алынган баптист аялдын сөөгүн үчүнчү жолу да казып албаш үчүн анын сөөгү кайсы аймакка коюлганын жашыруун калтырууну туура көрдүк. Сөөк кечээ үчүнчү ирет жерге берилди", - деп билдирди Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева.
Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан.