Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айыл аймагында "Клин Хаус" жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр базасына Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция тарабынан 2015-жылы текшерүү жүргүзүлгөн.Текшерүүнүн жүрүшүндө "Клин Хаус" компаниясына жер кыртышын одоно бузгандыгы үчүн инспекторлор тарабынан 30 миң сом айып салынган. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
"Аталган ишкана өз учурунда коюлган доону төлөп бербей, инспекциянын талаптарына баш ийген эмес. Буга байланыштуу аталган инспекциянын Нарын, Ак-Талаа райондору боюнча башкармалыгы материалдарды тийиштүү тараптарга өткөрүп берген. Жыйынтыгында сот ишти карап, "Клин Хаус" ЖЧКсынын жетекчиси Азамат Мухамед уулу жаратылышка келтирген зыяндын чыгымын мамлекеттин казынасына төлөп берүү боюнча чечим чыгарды", - деп жазылат маалыматта.