Интернетке болгон баалардын көтөрүлүшү боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү Орусияга сүйлөшүү үчүн кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда Казакстан тараптан көтөрүлгөн баа боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Казакстандын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кат аркылуу кайрылганбыз. Азырынча жооп боло элек. Жакында Москва шаарында өтүүчү ЕАЭБдин жыйынында интернеттин бааларына болгон суроолор көтөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматынан Кубан Жылдызбек уулу.
Маалым болгондой, август айында Казакстандын интернет-провайдерлери Кыргыз Республикасы үчүн интернетке болгон баанын көтөрүлгөнүн билдиришкен. Ал эми соңку убактарда "Акнет" интернет провайдери кардарларына расмий сайты аркылуу интернеттин ылдамдыгы бир топ төмөндөй турганын маалымдаган. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги буга чейин бир нече жолу отурум уюштуруп, интернет бааларын талкууга алган.
Буга чейин Казакстандын провайдерлери "Орусия бааларды көтөрдү" деген жүйө менен интернетке болгон бааны көтөрүшкөн. Ал эми Орусия тарап баалар мурунку калыбында турганын маалымдаган.
Эске салсак, Казакстан интернетке болгон бааны 3 эсеге чейин көтөргөндөн кийин интернет байланышын Орусия, Кытай өлкөсүнөн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу "Кыргызтелеком" ишканасынын сатуу бөлүмүнүн менеджери Калыйкан Исмаилова билдирген.
Кытай өлкөсүнөн интернет байланышын алып келүү боюнча "Кыргызтелеком" ишканасынын коммерциялык директору Кылыч Куталиев: "Казакстан биздин өлкө үчүн интернет бааларын көтөргөндөн кийин биз Кытайга интернет байланышын алуу боюнча атайын маалымдама жибергенбиз. Алар биздин сунушубузду кабыл алган. Учурда биздин адистер Кытайдан алынып келине турган интернеттин ылдамдыгын, анын баасын текшерип, өлкө үчүн ыңгайлуулугун карап жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы октябрь айынын аягында чыгат", - деп билдирди.