Үй-бүлөлүк абалы ар түрдүү жазылган ID-карталар интернетте талкууга алынды

Facebook социалдык тармагына үй-бүлөлүк абалы ар түрдүү жазылган ID-карталар жүктөлдү. Асел Болотова аттуу колдонуучу "Эмне үчүн ар жерде ар башкача жазылганын түшүндүрүп коюңуздарчы, кантип эле паспорт берген бөлүмдөрдө жалпыга бирдей үлгү жок болсун?" деген суроо салып, паспорттордун сүрөттөрүн жүктөгөн. Ал сүрөттөр учурда кызуу талкууга алынууда.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов бул кезектеги фотошоп болушу мүмкүн экенин айтып, текшерүү жүргүзүлөрүн жана бул тууралуу кошумча маалымат берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
hanisa
2016-10-18 15:33:25
Ушул кантип болсун эми
+2
rejepova
2016-10-18 15:34:49
ажырашкан дегени да бар. Озум коргом
+5
azamat.k
2016-10-18 15:36:04
Бойдок деп да жазып койгон ошол жерге
+3
altynka95
2016-10-18 15:50:30
Фотошоп"деп куйгузот го
+2
nurkojo
2016-10-18 16:05:21
Смартфон кетти
+4
Durdana
2016-10-18 16:26:13
мен бир эжекейдикин коргом "ажырашкан" деп туруптур анан иии ажырашыптыр деп койгом ичимде
+4
Kanatbek81
2016-10-18 17:43:27
Баардык паспортко нике деп жазыш керек. анан тугуно единый эки элэ печать болсо, никелуу жэ никесиз деп.Проблема чечилет.
0
turna23
2016-10-18 18:40:39
Менин паспортумда ажырашкан деп жазылган. Аябай коп ынгайсыз абалда калам. Куноолу сезип озумду же бир кылмыш жасагандай жер карап калам. Ушундай жазуусу жок эле болсо болмок.
+2
rahat84
2016-10-18 19:46:13
никеси бар, никеси жок, никелүү, жесир дегенди көргөм, бирок күйөөдө эмес дегенди ушул жерден көрдүм.
+1
aralbek
2016-10-18 20:06:34
Менин поспортумда никелешет деп турат
+1
begaliev96
2016-10-18 21:27:45
Менда паспортумду жоготуп алып жаны алгам эскинин кочурмосу сакталуу болчу салыштырып корсом эскисинде Никеси жок деп жазылган азыркысында Никесиз деп,тез арада ушул маселе чечилсе дейм
0
nelli
2016-10-19 02:01:44
Менде никеси жок деп жазылган, Апам паспортунда ажырашкан деп жазылган. Никесиз, никелуу, никеси бар дегендерди окугам. Андан да.. атымды туура эмес жазышкан, ондотуу учун кайра тапшырсам кайрале ката болуп келген.... Ошол паспорт столдун шалаакы, билимсиз кызматкерлери жазган ат менен калып кеткем ёшкиники(((
0
Kuyoo_bala
2016-10-19 02:59:26
"Эрден чыккан","экинчи катыны","никеси жок бирок эки баласы бар","эрге тийген эмес,бирок бир баласы бар" деген жазуулары менен чыкпаса эле болду тооба
+1
didi07
2016-10-19 03:20:05
Эптеп эле кутулуптурда фотошоп деп. Тартип жок тартип мамлекетте. Чиновниктер бизнес эле кылып калышты элди ойлобой.
0
bizon
2016-10-19 07:47:52
Смартфондун ээси табылды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан