Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 1-ноябрда "Кумтөр" кенине барары пландалууда. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев бүгүн, 18-октябрдагы жыйында билдирди.
"Жолдор тайгак болбосо, аба ырайы жакшы болсо, "Кумтөргө" барып көчмө жыйын өткөрөбүз. Кендин, мөңгүлөрдүн абалы менен таанышып келебиз. Бул жерде түшүнүп-түшүнбөй талкуулагандын ордуна, ал жерге барып өз көзүбүз менен көрүп келгенибиз туура", - деди Рыспаев.