Мурас-Ордо жаңы конушунда 11 жылдан бери мектеп көйгөйү чечилбей келет

Бишкектен 35 чакырым алыста жайгашкан Мурас-Ордо жаңы конушунун түптөлгөнүнө быйыл 11 жыл болду, бирок ушул убакка чейин мектеп көйгөйү чечилбей келет. Маалыматка караганда, конушта 1422 түтүн жашайт. Расмий каттоодо турган калктын саны 5367, ал эми мектеп жашындагы балдардын саны 1000ден ашат. Мурас-Ордо конушунда жашаган 100гө жакын окуучу Степное айылындагы мектепке транспорт менен барып билим алат. Ал эми калган окуучулар конуштун жанында жайгашкан Озёрное айылында окушат.

Быйыл шаардык бюджетке мектептин пайдубалын түптөө үчүн 2 миллион сом бөлүнүп берилген, бирок ал акча каражатынын кайда жумшалганы эч кимге белгисиз. Конуштун тургундарынан түзүлгөн демилгечилер тобу 4 жылдан бери мектеп маселесин чечүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликтен тартып өкмөт, Жогорку Кеңешке чейин кайрылышкан. Алардын бири Турганбек Эдиловдун айтымында, конуштун тургундары акыркы жолу Бишкек шаардык мэриясына кайрылышканда, алар мектептин курулушун ушул жылдын сентябрь айында баштайбыз деп сөз беришкен. Бирок бул маселе чечилбеген бойдон калды.

Шаардык бийликке кайрылсак, тендер жарыяладык дешип, маселени чечүүнү кечиктиришип жатышат. Өкмөт тарабынан конуштагы 4 гектар жер аянты мектепке жана бала бакчага бөлүнүп берилген. Ал эми мектептин пайдубалы шайлоо учурунда бир партия тарабынан салынган. Бул маселени тынчтык жолу менен митинг уюштуруп чечпесек, башка жолубуз калган жок”, - дейт Т.Эдилов.

Конуштун дагы бир тургуну Гүзел Кожоматова: “Менин неберем Степное айылындагы мектепке барып окуйт. Ал жакка жетүү үчүн райондук акимчиликтен 2 автобус бөлүнүп берилген. Кээ бир учурларда автобустун бирөөсү иштебей калат. Балдарыбыз бири-биринин үстүнө отуруп мектепке жөнөшөт. Эң акыркы нөөмөттүн сабагы кечки саат 19:20 да аяктагандыктан, балам үйгө келгенче караңгы болуп калат, алар үчүн тынчсызданабыз. Өзүбүздүн эле конушта мектеп ачылса жакшы болот эле”, - деген оюн билдирди.

Озёрное айылындагы мектеп 192 окуучуга эсептелип салынган, бирок ал жерде жакынкы 3 айылдан келген 1500дөн ашуун бала окуп жатат. Мектепке барганыбызда бир партага 3төн окуучу отуруп окуп жатканына күбө болдук. Окуучулардын айтымында, орун жетишсиздигинен сабактар мектептин
спортзалында жана коридорлорунда өткөн күндөр да болот. Озёрное мектебинин директору Нурмухаммед Токтоназаровдун айтымында, сабактар 4 окуу нөөмөтү менен, эртең мененки саат 7:30дан кечки 19:20га чейин болот. Ар бир сабак 20-30 мүнөткө чейин созулат. Ошондой эле 1-класста окуган окуучулардын саны 216ны түзөт.

Эске сала кетсек, Мурас-Ордо конушунун шаар четиндеги конуштардан өзгөчөлүгү – бул жер бюджеттик мекемелерде эмгектенген, өз үйлөрү жок, канча жылдан бери үйгө же жерге кезекке турган жарандарга шаардык бийлик тарабынан өкмөттүн чечими менен бөлүнүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан