Кыргыз Республикасында айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү боюнча семинар өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө өндүрүлгөн товарларды чет өлкөгө экспорттоону өнүктүрүүгө багытталган семинарга эл аралык жана улуттук эксперттер, илимий чөйрө жана жеке секторлор катышууда.
"Бишкек шаарында өтүп жаткан семинар Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулган. Маселени чечүү боюнча адистердин башын бириктирген
иш-чара эки күнгө созулат. Анда эксперттер өнүктүрүү тармагы боюнча өз ойлорун ортого салышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.