Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду

Бүгүн, 18-октябрда 24 жылдан ашуун Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аркалаган Турдакун Усубалиевдин айкели Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багына орнотулду. Учурда эстеликти ачууга карата маселелер чечилип жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматчысы Марлен Соляной билдирди.

"Эстеликтин автору - АскарТурумбеков. Анын качан ачылары азырынча белгисиз, так күнүн айта албайбыз. Учурда бул тууралуу маселелер чечилип жатат", - дейт М.Соляной.

Белгилей кетсек, партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун, Москвадагы мамлекеттик педагогикалык институтту жана Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, партиянын райкомунда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын инструктору, КПСС БКнын жооптуу кызматчысы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп иштеген. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 28 жолу, 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

Турдакун Усубалиев 7 монографиянын, көптөгөн китепчелердин жана макалалардын, бир нече автобиографиялык китептердин автору. Ал Манас-1, 4 Ленин, "Октябрь революциясы", 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Мамлекетке жана элге кылган эң көрүнүктүү эмгеги үчүн 1999-жылы 80 жылдык мааракесине карата “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган, "КРнын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы берилген.
Турдакун Усубалиев 2015-жылдын 7-сентябрында 96 жаш курагында дүйнө салган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Дарыгер
2016-10-18 19:15:30
Т. Усубалиев Исхак Разаковдун ордуна кызматка олтурганбы??? Маалыматынар болсо болушуп койгулачы
+1
daky
2016-10-18 20:48:31
кара Волга мигип сенда отосун кара эшек минип менда отом дегенби ушу кишинин атасы..
0
bahbrat
2016-10-18 21:14:43
Айииийай. Кыргызстанга ошончо салым кошуп кыргыздар учун куйгон И.Раззаковдо мынча медалы жокко.
+2
nazira...
2016-10-19 09:05:12
Оштун бир чекесин эли менен кошо Озбекстанга белек кылып берип салган. Азыркыга чейин ошол жердеги кыргыздар паспортунда озбек деп жашап ушул кунго чейин Усубалиевге наалат, каргыш айтып жашап келишет. Ушул созду ошол жактагы кыргыздардан укканда ишенген эмес элем, кийин бир чон партийный адамдан уккамын. Эмнегедир сыйлабай калгам,мейли жерди берсин, ошол жерде жашаган элин кошо мал катары кантип берди экен.
+5
Kroxa
2016-10-20 00:30:23
Усубалиевдин атын укканда селт этип турушчу..мейли кандай чон болсо да,,азыркы депутаттар озун озу билип отугун торго илишет анын учурунда андай болгон эмес...
0
Revolyutsiya
2016-10-20 00:42:52
Усубалиев тушунда Кыргызстан онуккону менен, ал онугууну жеке ал кишинин гана эмес жалпы элдин, СССРдин жогорку бийлигинин салымы бар деп билем. Жеке инсан катары Усубалиевди сыйлабаймын. Акаевди Кыргызстан башына алып келууго себепкер болгон жана Акаевдин саясатынын башатында Акаевдин негизги кенешчиси, жол корсотуучусу болгон болушу мумкун деп билемин бул кишини....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан