Бүгүн, 18-октябрда Москвадагы клиникалардын биринде актёр Азиз Мурадиллаевге биринчи операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева бүгүн, 18-октябрда билдирди.
"Бүгүн жарылган кан тамырларды бири-бирине туташтырган (лигирование) операция жасалды. Өзү менен байланыштым, учурда абалы жакшы. Бул жакка келип, дагы 2 айдай канды вирустардан тазалоо үчүн дары-дармектер менен дарыланат. Андан соң боорду алмаштыруу операциясы жасалат", - дейт Э.Жумалиева.