Ала-Букада үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү дагы казылып алынып, бирок учурда сөөк кайда экени белгисиз. Бул тууралуу маалыматты тактоо максатында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда маалымат тастыкталды.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына буларды билдиришти: "Аталган аялдын сөөгү кайрадан казылып алынып, Чаткалга алынып кеткен деген маалымат тараган. Бирок Чаткалдын жергиликтүү бийлиги жана милиция кызматкерлери ал аялдын сөөгү ал жакка келбегенин айтууда. Маркумдун сөөгү Чаткалда жерге берилгени айтылганы менен, аны тастыктаган далилдер жок болууда".
Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан. Кийин Өрүктү айылына коюшкан, бирок ага да каршылыктар болгондуктан, сөөк Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу жерге коюлган. Ал эми 17-октябрда жергиликтүү тургундар сөөктү кайрадан казып чыгарып коюшканы айтылып, ал үчүнчү ирет жерге берилген болчу.