Бүгүн, 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаандын карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетери күтүлөт. Ал эми 19-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн абанын температурасы -5 градуска жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1... -3 градус болот.