Өлкөнүн дин өкүлдөрү Орусияда өтүп жаткан "Ислам биримдиги" форумуна катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эл аралык форумга Кыргыз Республикасынан дин өкүлдөрү, Англия, Ливан, Ирак, Индия, Казакстан, Монголия сыяктуу ондон ашуун мамлекеттен атайын өкүлдөр, дин аалымдары катышууда. Иш-чаранын алкагында "Философия жана теология диалогу", "Куран - биримдик үчүн негиз", "Логиканын өнүгүшү", "Ислам ойлору", "Исламдын жүрөгү" аттуу маселелер каралмакчы", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, диний иш-чарага муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов катышып жатат. Москва шаарында 18-октябрда башталган форум бүгүн, 20-октябрда жыйынтыкталмакчы.