Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Молдалы Табылдиев билдирди.
"Быйыл Бакай-Ата районунун түзүлгөнүнө 80 жыл болду. Мындан улам райондун 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында турабыз. Анда боз үйлөр тигилип, маданий иш-чаралар, спорттук мелдештер, илимий конференциялар өткөрүлөт. 80 жылдыкка 8 ишкана ачууну пландаганбыз. Анын баары ишке ашты", - деп билдирди Табылдиев.
Маалыматка ылайык, райондун мааракеси ноябрь айынын башында белгиленмекчи. Ал эми иш-чаранын алкагында район аймагында 2 бала бакча, 3 спорт аянтчасы курулуп, 3 Маданият үйү ири суммага капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Салтанат облустук деңгээлде өткөрүлүп, ага өкмөт өкүлдөрү, облус жетекчилери жана район башчылары катышат. Аталган райондо 9 айыл өкмөтү бар.