Өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0… -5° суук, күндүз 0… 5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1… -3° суук, күндүз
3… 8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8° градуска чейин төмөндөйт, күндүз -1… -6° суук болору күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", - деп айтылат маалыматта.