Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина адамдарды кесиптик билими жок табыптарга ишенбөөгө чакырды.
"Мындай табыптар "ооруларды дарылап берем" деп убадалашат, бирок, тескерисинче, адамдардын тагдырларын бузушат. Бир нече күн мурун ооруканада псориаз менен ооруган жаш бала каза болду. Көрсө, аны улгайган табып көк таш менен дарылоого аракеттенген экен. Баланын жүрөгү чыдабай токтоп калды. Ушул сыяктуу окуялар көп. Айрым табыптар ооруканалардын жанында илдеттен сакайып кетүүгө ишенимди жоготкон адамдарды издеп жүрүшөт экен. Жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте текшерүүлөрдү жүргүзүп, табыптар иштеген түйүндөрдү жабыш керек. Аларга карата кылмыш жоопкерчилигин киргизүү убагы келди", - деди Карамушкина.