Бишкек-Ош унаа жолунда коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн коюлган чектөө алынды. Азыркы учурда бардык унаалар үчүн жол каттамы ачык.
Эскерте кетсек, 18-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарында кар калың жаап, жол тоңголок болгондуктан, унаалардын жүрүшүнө оорчулук жаралган. Ошол себептен улам оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.