Ош шаарында оңдоо иштерине байланыштуу бир суткага таза суу берүү токтотулат

Ош шаарында оңдоо иштерине байланыштуу бир суткага таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда "Ош шаардык суу-канал" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

"Күзгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу 20-октябрда саат 00:00дөн 21-октябрь, саат 00:00гө чейин Ош шаарынын "Курманжан датка", "Манас-Ата", "Туран" аймактык кеңештерине, Достук кичи районуна жана Калинин жаңы конушуна таза суу берүү токтотулат. Аталган жаңы конуштардын тургундарынан бир суткага жете турган сууну алдын ала камсыздап алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан