Дүйнөдө сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан кыздын апасы: "Кызымдан бөлөк жакын адамым жок"

Кыргыз Республикасынын 26 жаштагы тургуну Айгерим Өмүрбекова дүйнөдө сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан. Өпкөнүн альвеолалык протеинозу менен жабыркаган кыздын апасы Анаркүл Өмүрбекова учурда кызынын Москва шаарында боло турган операциясына каражат чогултуп жүргөн кези.

"Кызымды азыр ооруканаларга алып барып тиешелүү процедуралардан өткөрүп жүрөм. Москвадагы дарыгерлерге көрсөтүү үчүн поезд менен алып барыш керек экен, учакка салганга болбойт дейт. Айгерим дем алдыруучу аппаратсыз жүрө албайт. Ал менин жалгыз жакын адамым, жолдошум 10 жыл мурун кырсыктан каза болгон. Өзүм жетимдер үйүндө өскөм, ата-энем, туугандарым жок. Кайната, кайненем бар, өзүнчө турушат. Алар да жардам бере алышпайт, себеби кайненем өзү өпкөсүнөн ракка чалдыгып, дарыланып, жаңыдан жакшы болуп келе жатат", - деди Өмүрбекова азыркы абалы тууралуу.

Анаркүл Өмүрбекованын айтымында, дарыгерлер кызына 15 жашында кургак учук диагнозун коюшкан. Дарылоо жардам бербей, кызынын абалы жылдан-жылга начарлай берген.

"5 жылдай дарылашты, баштык-баштык дары-дармектер, ооруканаларга узакка жатмай... Мунун баары жардам берген жок. Андан кийин дарыгерлер көпкө чейин так диагноз коё алышпады. Кызым бүгүнкү күндө I топтогу майып болуп калды. Айгеримди Москвага алып барып операция жасатканга каражатым жетпейт, жардамдан баш тартпайм. Кызым жаш, келечеги бар деп ойлойм", - дейт Анаркүл Өмүрбекова.

Москвадан Айгерим Өмүрбекованын өпкө альвеолаларына (өпкөнүн аба кирүүчү жолдорунун учундагы майда исиркектер) физикалык эритме куюлуп, андагы протеиндер сордурулуп алынат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Түркияга бекер дарыланууга бул жылга берилген бош орун калбаганын айтып, ал эми Орусиянын саламаттыкты сактоо ведомствосу менен мындай келишим түзүлбөгөнүн кошумчалады.

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
chyngyz-40
2016-10-20 18:26:57
АЛЛАДАН сураш керек жардамын айабайт
+24
chika.aisu
2016-10-20 18:30:35
Эх энесине эле кыйын болуптур аллах озу шыпаа берсин
+25
aliko78
2016-10-20 18:37:12
Колдон келсе кана бутуна тургузуп койсон. Жараткан өзү жардам берсин
+19
Cesar
2016-10-20 18:39:29
Айыгып, бул азапты көрбөгөндөй болуп кетсин. Жаратканым жардамын аябасын.
+24
Sharipa-asia
2016-10-20 21:48:21
Аллах шпаасын берсин!
+5
gitaris93
2016-10-21 00:41:28
Көп түкүрсө көл болот дейт жардам берейли туугандар. Жеке банк карточкасын жазып койбоптур да
+6
aibars
2016-10-21 01:38:39
Enenin jurogu ezilip buttugo(((
+2
sabira.199890
2016-10-21 06:16:07
Аллахым шыпаа берсин, эртерээк айыгып кетин
0
Nurkyz1977
2016-10-21 07:59:36
Биз билбеген канчалаган оорунун туру бар,булезний болезнь,булезний эмфизема опконун ушундай турундогу оору да айыккыс мунун укол дарысы жок дешет. Алла шыпаасын берип айыгып кетсин дарт берсе дабасы менен берсин
0
Nasyrkg
2016-10-21 21:19:35
Жанагы бир барыш миллионго номер алган эшектерге байлык бергиче жараткан ушундай адамдарга ден соолук берсе эмне
+3
Nazar.arapbaev
2016-10-22 18:53:58
Бизде жатып 1 курс лечение алып кетти эле, аябай акылдуу, качан корсон китеп кармап окуп олтурганын коросун. кудайым выпаасын берсин...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан