Миграция кызматында расмий каттоодон өткөн 4 миңден ашуун кыз-келин чет өлкөдө иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалымат-консультациялык борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алымбаев билдирди.
"2016-жылдын октябрь айына карата Миграция кызматы аркылуу кеп-кеңештерди алып, катталып, чет өлкөдө иштеп жүргөн 12 338 адам бар. Анын ичинен 4009у кыз-келиндер. Булардын баары биздин кызматка кайрылып, расмий түрдө иштеп жүрүшөт", - дейт Алымбаев.
Алмаз Алымбаевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Орусияга расмий түрдө иштегени кеткендердин саны 4037 адам. Алардын ичинен 1191и кыз-келиндер. Ал эми Кореяда 3477 өлкөбүздүн жараны иштесе, алардын арасынан аялдар 681ге жетет. Казакстанда 364 адам иштейт, анын 98и кыз-келиндер. Мамлекеттен лицензия алып иштеп жаткан компаниялар аркылуу чет өлкөгө иштеп кеткендердин жалпы саны миңге жакын.
"Түркияда иштеген 1648 Кыргыз Республикасынын жаранынын 805и кыз-келиндер. Учурда өлкө боюнча 36 жеке компания жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүү кызматтарын аткарып, иш жүргүзүп келет. Алар мамлекеттен атайын лицензия алып иштешет. Эгерде биздин Миграция кызматы же компаниялар жиберген адамдар жабыркап, кырсыкка учураса, кулчулукка сатылып кетсе, биз ал адамдарды алып келүү жоопкерчилигин алабыз", - деп кошумчалады Алымбаев.
Эске салсак, буга чейин Миграциялык кызматтын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов өлкөдө акыркы бир жылда мигранттардын агымы азайбаганын билдирген. Анын маалыматына ылайык, миграциялык кызматка катталбаган 700 миңден ашуун жарандарыбыз чет жерде жүрүшөт. Алардын ичинен 600 миң адам Орусияда эмгектенсе, 100 миңге жакыны Казакстанда иштешет. Чет жерде иштеп жаткан жарандардын көпчүлүгү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары экени белгилүү болгон.