Баптизм агымын карманган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү каякка коюлганы кызына да белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына маркумдун кызы Жылдыз Азаева билдирди.
"Апамдын бул агымды карманганы ырас, бирок ал айылдын эли менен ынтымактуу болчу. Айылдагы той-аштарга катышып эле жүрчү. Эл менен мамилени үзүп койгон деген сөз калп. Кошуналар менен алыш-беришибиз бар. Эч кимге жамандыгы жок карапайым үй-бүлөбүз. Апам менен Тоорат, Забур, Инжил китептерин окуп жүрчүбүз. Апам кайтыш болгондо жаназасы окулган жок. Сөөктү узатуу зыйнатында УКМКнын кызматкерлери той тарткансып камерага тартышты", - дейт Азаева.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү 3 жолу жерге жашырылып, айылдыктардын каршылыгы менен казылып алынган. Белгилүү болгондой, маркумдун 2 кызы бар. Кичүүсү башка айылга турмушка чыгып кеткен. Ал эми Жылдыз Азаева апасынын жолун жолдоп аталган агымды тутунган.
"Үчүнчү жолу апамдын сөөгүн христиандар мүрзөсүнөн казып жатышканда мени телефон аркылуу чакырышты, бирок мен элден коркуп барган жокмун. Эми апамдын сөөгү кайда жашырылганы белгисиз болуп жатат. Ала-Бука айыл өкмөт башчысы, райондун имамы, айылдын аксакалдары келип бул динден кайткыла дешти. Мен апам үчүн алар талап кылган келмени айтып, баптизм агымынан кайттым. Келмени айта албай такалсам шылдыңдашты", - деп кошумчалады маркумдун кызы.
"Үйдө 70тен ашкан карыган атам бар. Ал киши кабатыр болбосун деп чуулуу окуяны айтпай жүрөм. Чүкөдөй болгон кемпирге аябай асылып, маркумду кыйнашты", - деп нааразычылыгын билдирди Жылдыз Азаева.