Мамлекеттик каттоо кызматында кагаз документтерди санариптештирүүчү жабдуу иштелип чыкты

Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери кагаз документтерди санарипке өткөрүүчү жабдууну иштеп чыгышты. Мындай маалыматты бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

“Бул жабдуунун видеокамерасы бар. Аппарат компьютерге бириктирилет да, баскычты басканда документти сүрөткө тартып туруп, санариптик документтердин маалымат базасына кошуп коёт. Жабдуунун эл аралык базардагы баасы 20 миң АКШ долларын түзөт, бирок биздин адистерибиз иштеп чыккан бул аппарат 10 доллардан сатылмакчы”, - деди ал.

Анын айтымында, алдыда миңден ашуун комплект ушундай жабдуу чыгарылат. Мамлекеттик каттоо кызматы алардын белгилүү бир бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштеген ишканаларга тапшырууну пландоодо. Ошондой эле Архивдик агенттиктин алдында 2016-жылдын 1-ноябрында ачыла турган Санарип борборунун кызматкерлеринин 30 пайызын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзөрүн кошумчалады.

Маалымат үчүн: Санариптик борбордун артыкчылыгы – башка облустагы адам керектүү документти алуу үчүн Бишкекке келип отурбай, отурган жеринен электрондук вариантта алса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан