2 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетинде 11 миң жарандыгы жок адам аныкталып, алардын 8700үнө документ берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда БУУнун Качкындар иши боюнча өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Маки Шинохара журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Качкындардын иши боюнча башкармалыгы 2014-жылы жарансыздыкты кыскартуу боюнча иштеп чыккан долбоорун Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте ишке ашыра баштаган.
“Бул долбоордун алкагында атайын мобилдик топторду түзгөнбүз. Алар Кыргыз өлкөсүндөгү облустарды кыдырып, жарандыгы жок адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүштү. Кээ бир аймактардан 40 жаштагы жарандыгы жок адамдарды жолуктурдук. Алардын бири кафе ачайын дегенде гана паспорттун канчалык деңгээлде маанилүү документ экенин түшүнгөнүн айтып берген”, - деп билдирди Шинохара.
Маки Шинохара учурда туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок балдарга да документтерди берүү маселесин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө БУУнун Качкындардын иши боюнча башкармалыгы Кыргыз мамлекетинин алыскы райондорундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө керектүү жабдууларды тапшырды.