Бириккен Араб Эмираттарынын жашоочусу аялын бетиндеги боёгу жок көргөн соң ажырашууга арыз берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя түгөйлөр эс алып жаткан Шаржа шаарындагы курорттордун биринде болгон. Келин сууга түшүү үчүн бетиндеги болгон боёгун өчүрүп, даярданат. Аялынын жүзүндөгү мындай өзгөрүүнү күйөөсү дароо байкап, иренжип калган. Кийинчерээк ал 24 жаштагы аялы сулуу көрүнүш үчүн жүзүнө бир нече пластикалык операция жасатканын, дайыма чаптама кирпик жана көзүнө түстүү линзаларды тагып жүрөрүн билген. Бул окуядан соң ал ажырашууга арыз берген. Маалыматтарда жубайлардын аттары аталбайт. Ошондой эле ал окуядан кийин өзүн алданып калгандай сезип, мындан ары аялын көргүсү келбей турганын жана эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын билдирген.