Даниел Кадырбеков, саясат таануучу: "Кыргыз газдын" Орусияга сатылышы өлкөнү көз карандысыздыктан ажыратты"

"Кыргыз газды" Орусияга 1 долларга сатуу менен Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгынан ажыраган. Мындай пикирди 20-октябрда саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

Айтымында, стратегиялык объектини сатып жиберүүнүн зыянын Кыргыз мамлекети сөзсүз тартат. Саясат таануучу коңшу Казакстан түтүктөрүн, тийиштүү жабдууларын өзү көзөмөлдөө менен өндүргөн мунайын сатып жатканын, Кытайдын ири энергетикалык муктаждыгын камсыздаган Түркмөнстан да түтүктөрүн эмес, газын сатып пайда көрүп жатканын айтат. Ишкананын жабдууларын, инфраструктурасын ким башкарса өлкө үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин ошол чечип каларын кошумчалады. Бүгүн Кыргыз мамлекетинин газ тармагы толугу менен орусиялык "Газпром" ишканасынын көзөмөлүндө. Кадырбеков ошондуктан өлкөбүз Орусиянын колониясына айланганын айтып жатат.

Саясат таануучу бийликке Атамбаевдей эмес, кыргыздын улуттук кызыкчылыгын көздөгөндөр келип, реформа жасоого киришсе, "Кыргыз газдын" сатылып кетиши тоскоолдук жаратарын айтат. "Газпром" өңдүү монополисттер тарифти атайын көтөрүп же газ берүүнү чектеп, саясатчыларды Орусия менен эсептешүүгө түртөт. "Андыктан сүйүнүүгө азырынча эрте", - дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн "Газпром" курган спорткомплексинин ачылышында президент Алмазбек Атамбаев аталган компанияны мактап, аны ишенимдүү өнөктөш деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
mirlanpiter
2016-10-20 21:56:52
Элди ойлогон эл башчы келсе дароо козун тазалашат,бул бийликтин айланасына жеп ичер чочколор келип алган..
+9
anyshka
2016-10-21 01:01:45
Онукпой эле таланып тонолуп баратабыз. Ушундай ажолор келе берсе тугонуп бутобузго
+11
bosmos777
2016-10-21 01:17:09
Кытай менен достошуп жана куудалашкандан коро.Орустар 100 эссе жакшы. Достугубуз чынаалып, ынтымакта ушундай чоон доолборлорду ишке ашыра берели.
+5
dobrajelatel
2016-10-21 01:41:36
Кыргыз качан онолот? Такыр элестете албайм. Билинбеген менен майлуу суттуу нерсенин баарын чет элдиктерге тарттырып ийишти.
+7
33SUUN
2016-10-21 01:46:50
Россия Кыргызгазды башкага сатууга эч жол бербейт болчу.Бул келишим биринчи Кыргызстан тарабынан каралып чыгарылган тыянак.Башка олконун кыргызгазга болгон кызыгуусу 0%.А Россиянын Кыргызгазды сатып алуусу стратегиялык баалуулуктун 70 пайызын тузот.Бир $ сатылганы мындайча айтканда (биздин газды озубузго кенен жана арзаныраак элге жеткирип беруунуздорду суранабыз деген соз)болду.
+6
Kichmando
2016-10-21 03:16:08
Кызык адам го бул, андан көрө өзбектер ге көз каранды болсок жакшы болот беле.?
0
Zynk.kg
2016-10-21 04:27:19
Aтамбаев Кыргызгазды озбекстандан козкаранды болбош учун эле Россияга сатпадыбы ошол убакта Каримов менен создору келишпей журушконго.
+1
Elcinor
2016-10-21 06:00:36
Е е е ураматтуу кыргызым ар ким ар нерсени айтасынар . Кыргызстандын келечеги бир жыл болду мага келечек корунбой калды саясатта бут еле акча жейм дегендер бизде чындык жок и болбойт дагы ушуну еске алгыла. Озум куч органында алектендим 3 жыл.аягында чындык издедим. Таппай келе жатам.соту прокрору кр нын келечегин коргозбой жатышат
+7
aijan
2016-10-21 11:51:05
"Даниель мырза, так ошо "Кыргыз газ" сатылып жаткан маалда кайда элениз, эми шайлоого жакын ун катпай" деген адам жок...
0
Hakked
2016-10-21 14:51:49
Украина нац газын сатфн эч нерсе болбоду. Биз ботолкону сатпадык анын ичиндеги сууду саттык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан