Элге курттаган ун сатылган-сатылбаганын депутаттык комиссия иликтейт

Өкмөттүк органдар элге курттаган ун саткан-сатпаганын депутаттык комиссия иликтейт. Жогорку Кеңеште 20-октябрда курттаган ун боюнча фактыны иликтөө жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ундун таратылганы жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын өкүлдөрү киришти: “Республика-Ата Журттан” Жыргалбек Турускулов, Акылбек Жамангулов, Бактыбек Райымкулов, "Кыргызстандан" Дастан Жумабеков, Айтмамат Назаров, КСДПдан Улан Примов, Эльвира Сурабалдиева, Узарбек Жылкыбаев, Музаффар Исаков, “Өнүгүү-Прогресстен” Абылкайыр Узакбаев, "Ата Мекенден" Бахадыр Сулейманов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов Мамлекеттик материалдык резерв фонду курттаган унун карылар үйлөрүнө жана жетим-жесирлерге 16 сомдон сатып жатканын айтып чыккан. "Мекеменин кампасында дагы 70 тонна ун калды" деген маалымат бар экенин да билдирген эле. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду айтылган маалыматтарды четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BarsBaatyr
2016-10-21 16:22:45
Силер текшергиче элдер жеп бутот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан