Жарандык активист Адил Турдукулов президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер тууралуу пикирин сындады. Анын айтымында, президент дайыма "Ата Мекен" партиясы менен иштешкен журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн жана Сыргак Абдылдаевдин сабалышын мисал кылат. Абдылдаев учурда Швецияда жашап жатканын, "Атамбаевдин коопсуз Кыргыз мамлекетине" качан кайтып келери белгисиз экенин активист 20-октябрда социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
Турдукулов акыркы жылдары журналист Турат Акимов, Шайырбек Маматокторов, Булат Сатаркулов сабалганын, Дарья Подольская да кол салууга кабылганын айтат. Ал эми криминалдык жана соттук куугунтуктун айынан журналисттер Уран Ботобеков менен Адилет Айтикеев өлкө сыртында жүргөнүн, оппозициялык маанайдагы саясатчылар Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов да чет өлкөдө баш калкалап жатканын белгиледи. Жаш активист Максат Кунакунов "террористке" айланып, учурда СИЗОдо отурганын, ал эми айткан сөзү үчүн журналист Дайырбек Орунбековго кылмыш иши козголушу мүмкүн болуп турганы айтылды.
Бир катар оппозиционерлер "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды" деп шектелип камакта отурушат. Жакында КСДПнын депутаттары сайттарда, социалдык тармактарда президентти ашкере сындагандар көбөйүп кеткенин, буга көңүл буруу зарылдыгын айтып чыккан эле. Турдукулов аны да белгиледи.