Казакстанда мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынды

Казакстанда мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу "Tengrinews" басылмасы жазып чыкты. Өлкөнүн билим берүү жана илим боюнча вице-министри Эльмира Суханбердиева: "Диний атрибуттарды, кийимдерди, баш кийимдерди кийип, алып жүрүүгө жол берилбейт жана буга чейин да жол берилген эмес", - деп айткан. Министрлик тарабынан даярдалган маалыматта светтик мектептерде кайсы бир динди түз же кыйыр мааниде үгүттөөгө болбой тургандыгы белгиленген. Ошондой эле 2016-жылдын 14-январынан тарта бардык мектептерде бирдиктүү мектеп формасы киргизилгенин эске салган.

Ал эми аталган өлкөнүн Дин иштери боюнча башкармалыгы басылмага буларды билдирди:

"Казакстанда билим берүүнүн өнүктүрүү мүнөзү светтик, гуманитардык ыкмада жүргүзүлгөндүктөн, "Билим жөнүндө" мыйзамга ылайык, окуу жайларда хибжаб кийүүгө тыюу салынат. Башкармалык башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бул жаатта көп пландуу түшүндүрүү иштерин алып барууда. Атайын "Кызжибек" аялдар клубу түзүлгөн. Максаты - улуттук салт, баалуулук жана
үрп-адаттардын негизинде казак кыздарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө, инсан катары калыптанышына шарт түзүү. Ошондой эле келечекте клуб түрдүү курактагы, кесиптеги жана диндеги өкүлдөр жолуга ала турган жайга айланат.

Казакстан светтик өлкө болгондуктан, бардык мамлекеттик чечимдер кайсы бир диндин талабы менен эмес, коомдун кызыкчылыгын эске алуу менен чечилет. Казак элинин бай сөздүгүндө "хиджаб" деген түшүнүк жок. Казак кыздары дайыма эркин болгон, жүзүн жаап-жашырып, үйдөн чыкпай жашаган эмес. Казак эли кыздарына урмат-сый менен мамиле кылып келген. Аларды бала чагынан адептүү, тарбиялуу, оор басырыктуу, жөнөкөй болууга үйрөтүшкөн. Бул нерсе кыздын кийимине да тиешелүү болгон, бирок алар хиджаб кийишкен эмес".

Ошондой эле Дин иштери боюнча башкармалык өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин "хиджаб кийүү казак аялдарына мүнөздүү эмес, мындай жол өлкөнү орто кылымга алып барат" деген сөзүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Bakyi
2016-10-21 11:44:36
Казак элинин аялдары ачылып, чачылып , еркин жургон дейт. Эх Бавурлар еее бул хиджап Аллахтын окумуго! мусулманмын деген аял кыздар жоолук салуунусу керек го светтик болобу башка болобу
Дуа кылам баарынарга
Динде жургон туугандарга
Аллахтын окумун аткарсын деп
Болбосо экен эч бир тоскоолдук деп
+6
moskoy
2016-10-21 20:36:25
Bakyi,сага арапстанга ак жол.
0
oscar
2016-10-21 11:46:44
Казактардын молдолору да акыл менен чечишиптир, туура кылышат биз да ошондой кылыш керек
+6
Nukeww
2016-10-21 11:48:35
Allah hidayat bersin..
+8
Hakked
2016-10-21 14:41:23
Nukeww, хидайат дебей калынызчф арабдарды туурап буттунорго
-3
DNurgiza
2016-10-21 11:56:57
эң туура чечим!
-3
salimbek87.kg
2016-10-21 12:03:51
DNurgiza,эн эле туура чечим бул биринчи Аллахтын чечими туура эмес кылыптыр баурлар .
+7
ikitaidesu
2016-10-21 12:17:14
Аялдар жабынып жургон кандай сонун. Ал кимге зыян берип атыптыр? Имсамга каршы чыккандарга бир балээ келет. Аллахым ыйманыбызды кучото кор? Ушул хиджаб, жоолуктарга тийишпей башка ишинерди кылгылачы... Ушунчалык бекер калдынарбы?
+4
Ulan2601
2016-10-21 12:44:04
Туура мектепте мектептин формасын кийиш керек!!! Хиджабды мектепти буткондон кийин кийе беришсин
+6
Izdeim_seni.
2016-10-21 14:14:49
форма кийиш керек . мен да форманы колдойм
+5
nazira...
2016-10-21 14:24:36
Бизде деле ушинтип коюшпайбы кичине кыздарды жудотпой. Кийин деле кие беришет да, кичине кыз оронгонду билет беле. Ыйман, ынсап адамдын ичинде го хиджабта эмес. Хиджаб деген созду буга чейин бир да уккан эмес элек тооба,паранжаны гана угуп келгенбиз. Мектепке бирдиктуу форма дегени эн туура эле аны да кылбай жатышат.
+7
Hakked
2016-10-21 14:40:06
Туура кылыптыр баардыгы бирдей форма кийишсин
+2
Hakked
2016-10-21 14:44:09
Ушул жердеги чала молдо дин бузарлар биринчи ыйманынарды эптеп алгыла анан кийин хиджаб кийсенер болот
+6
EddieNigma
2016-10-21 14:56:42
Всё логично!
+3
Ayida
2016-10-22 10:23:54
Койгулачы журогунор киминердики таза?Баарынар куноого батып туконсунор.Суйлосонор тим эле укмуш хиджабка асылып. Аллахтын окуму хиджаб.Хиджабка асылганын Аллахга каршы чыкканын.Бир балееге кабылып калбагыла абайлап суйлогуло туугандар.Билимсиздигинер корунуп турат
0
Ayida
2016-10-22 10:24:37
Казактар хиджабка асылбай козу ачык бакшыларын кабырга зыярат кылган аккуу аялдарын тыйып алсын
0
kadamjai1977
2016-10-22 10:56:45
Туура чечим мектептин озунун формасы бар ошол форманы кийиш керек башка жерде каалаганынды кийе бер.
+3
One
2016-10-22 14:08:39
Акыретте ар бир амалдар учун жооп беребиз...Бугун барбыз эртен жокбуз...Аллахым баарыбызга ыйман берсин .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан