ЭЛДИК КАБАР: "Өзүм окуган ЖОЖду жамандабайын дедим эле, бирок үстүбүздөн суу тамчылап жатат" дейт окурман

Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5-корпусу оор абалда. Бул тууралуу 21-октябрда окурман SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жамгырда имараттын үстүнөн суу агып, коридорго суу толуп калат. Аудиториялардын терезелери жакшы жабылбагандыктан суук кирип, студенттердин окууга болгон кызыгуусу жоголууда. "Ректорубуздун бул имаратка басып келгенин бир жолу да көргөн жокпуз. Окуу жайдын жетекчилигине айта албайбыз, сиздер аркылуу жардам болуп калар", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mile
2016-10-21 10:36:51
Ушуну карабай жетекчилик эмне кылып журот? Же иш тапшыргандар чонтокгуг домпойтуп алды бекен?
+11
barakcha
2016-10-21 13:42:57
Mile,жетекчилик кадр алмаштыруу менен убара.
+4
salimbek87.kg
2016-10-21 12:24:35
Уят эле ушунчалык болгончо не карап журот биздин жеп жутарлар.Биздин жеп жутарлар констутцияны озгортуш менен убара .
+3
Fari-1992
2016-10-21 13:01:32
Бизде деле ошол корунуш. Суу тамат ал колчуко айланат. Корпус жылыбайт
+3
aigerimosh
2016-10-21 13:41:32
Биз деле аябай суук кабинетте окучуубуз.Эжекебиз мен силерге сабак өтүп жатам,мен үшүйм,силерди деп келип жатам печка алып бергиле деген.Таптакыр жылуулук жок окуу жайларда.Кайдагы көңүл буруу калтырап,титиреп көгөрүп олтурсак.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан