Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.
Мааракелик иш-чара Чүй облусунун тарыхын баяндаган театрлаштырылган көрүнүш менен башталды. Анда аймактын басып өткөн жолу, тарыхый окуялары жана бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсү көркөм чагылдырылды.
Салтанатка президент Садыр Жапров катышып, Чүй өрөөнү өлкөнүн локомотиви экенин билдирди.