Тажикстанда экономикалык каатчылыктан 160 кичи жана ири ишкана ишин токтотту

Тажикстанда экономикалык каатчылыктан 160 кичи жана ири ишкана ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ишканалардын жабылышынын башкы себеби экономикалык каатчылыктын кесепеттери, кардарлардын аздыгы экени айтылууда. Хатлон облусунда 557 өнөр жай ишканасы катталган болсо, жыл башынан бери алардын ичинен 160 ишкана өз ишин токтоткон. Ал эми 146 ишкана өндүрүш көлөмүн азайткан.

Жергиликтүү бийлик кичи пахта тазалоо ишканалары менен мурдагы ири пахта заводдору, тигүү цехтери кадимки тартипте иштей албай калганын билдиришкен. Жабылган ишканалардын көбү "өндүрүмдүүлүк жогору болуп, экономикалык өсүш болот" деген жогорку кызматтагы жетекчилердин катышуусу менен ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан