Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду даяр турган порталды акысыз пайдалануунун ордуна Дүйнөлүк банктан 680 миң доллар грант алып, жаңы портал ачты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы Айжан Сатыбекова билдирди.
Анын айтымында, "Кризис-менеджерлер" бирикмеси мамлекеттик мекемелер үчүн атайын портал түзүп берген. "Бул порталда мекемелер ишмердүүлүгү боюнча бардык маалыматтарды жайгаштыра алышат. Бир да тыйын төлөөнүн кереги жок. Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 680 миң доллар грант алып, өзүнүн порталын ачып, ал жерде маалыматтарды жайгаштырбай жатат. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик компаниялар маалыматтарды ачык көрсөтүүгө милдеттүү. Бул мыйзам бузулуп жатат", - деди Сатыбекова.