Кыргыз жеринде 2016-жылдын 9 айында жумушсуздардын саны 56,2 миң адамды түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, бул 2015-жылдын 9 айынын жыйынтыгына салыштырмалуу 0,9 пайызга аз. 2015-жылдын 9 айында жумушсуз жарандардын саны 2 пайызга азайган эле. Демек, жумушсуздук күчүндө.
Ал эми өлкөдөгү орточо айлык акынын суммасы 2016-жылдын сентябрына карата 13 996 сом деп көрсөтүлүүдө. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард 246 миллион 600 миң долларды түздү же мурунку жылдын 9 айына салыштырмалуу 11,7 пайызга азайды. Экспорт 751 миллион 500 миң долларды, импорт 2 миллиард 495 миллион 100 миң долларды түзгөн.