Өлкөдө мектеп программаларын жаңылоо иштери жүрүп жатат

Өлкө боюнча мектеп программаларын жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Белгилүү болгондой, өкмөт мамлекеттик жаңы билим берүү стандартына ылайыктап предметтик стандарттарды жана китептерди этабы менен жаңылоо тууралуу чечимин чыгарган. Учурда башталгыч мектептердин негизги предметтик стандарттарын жаңылоо иштери аяктаганы калды. Сариеванын билдиришинче, долбоор жаңы предметтик стандарттар, программалар жана жаңы окуу китептери даяр болгонуна жараша айрым мектептерден башталып, өлкө боюнча жайылтылмакчы. Министрлик мектептерде 5 күндүк окууга өтүү демилгесин макулдашканын, бул боюнча өкмөттүн чечимин күтүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nestana95
2016-10-24 00:11:32
Мектептип билимин которобуз дей берип аркасынан кетирмей болду го! Жаныланды..жаныланды...качан онунда болот.....
-1
Komrad
2016-10-24 08:23:58
Билимдүү, чет жерде окуп келген, ата мекенин сүйгөн адам керек го. Азыр мектептердеги билимдин абалы кейиштүү. Көз жумуп кое албайт эч бир адам, баардыгыбыздын мектепке барчу жакындарыбыз бар, алардын келечеги мектеп менен тыгыз байланышкан. Максим Горькийдин "китеп үчүн күрөш" деген чыгармасы айгинелеп турат, билимге болгон умтулуу канчалык маанилүү экенин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан