Диндин баптизм агымындагы адамды жергиликтүү мүрзөгө коюуга каршылык көрсөтүү окуясы Ысык-Көл облусунда катталды. Облус казысы Алмаз Сагындыков 21-октябрда жергиликтүү ММКларга билдиргендей, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында баптист адамды айылдын мүрзөсүнө коюуга аймактын жашоочулары каршы болушкан. Мындан улам айылда атайын жыйын өтүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. Маркум кайсы жерге коюлары эртең белгилүү болот.
Белгилей кетсек, мындай окуя жакында Ала-Бука районунда болгон. Баптист аялдын сөөгүн жашырганга жер табылбай чуу чыккан. Маркумдун сөөгү 3 жолу жерге берилип, 3 жолу тең каршылар тарабынан казылып алынганы маалымдалган.