
Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты
Тынычбек Акматбаевдин (сүрөттө) 300-400дөй жактоочусу Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына пикетке чыккан. Алар ошол кездеги премьер-министр
Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Пикетке чыккандарды маркум депутаттын агасы
Рысбек Акматбаев баштап, алардын катарында тууган-уругу жана санаалаштары менен кошо спортчулар турушкан.
Ушул эле күнү түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтындагы пикетчилер менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев, ички иштер министри Мурат Суталинов, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев аянтка тигилген боз үйдүн ичинен Рысбек Акматбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүү соңунда министр Суталинов пикетке чыккандарды түшүнө турганын жана алар конституциялык укуктарын пайдаланып жатышканын билдирген.